Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети кадимки тартипте иштөөдө

"Ак-Жол" бекети. 2022-жылдын 6-январы.

Чүйдө, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети кадимки тартипте иштеп жатат, абал тынч. Бул тууралуу 6-январда эртең мененки саат 10 чамасында "Азаттык" радиосунун кабарчылары жеринен кабарлашты.

Коңшу Казакстандын айрым шаарларында 2-январда башталган нааразылык акциясы башка аймактарга да жайылып, 5-январда өкмөт отставкага кеткен жана кырдаал курчуган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу өлкөдөгү окуяларга жараша тийиштүү чаралар көрүлүшү ыктымал экенин 5-январда билдирген. (AiB/RK)

Дагы караңыз

"Назарбаев доору аяктап жатканына күбө болуп жатабыз"Жогорку Кеңеш Казакстандагы кырдаалга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулатАлматы комендатурасы "антитеррордук операция" башталганын билдирдиМинистрлик коронавирус көрсөткүчүнүн кескин жогорулоо себебин түшүндүрдү