Түркия Казакстанга аба каттамдарын токтотту

"Түрк аба жолдору" компаниясынын учагы.

"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы Түркиядан Казакстандын Нур-Султан, Алматы жана Актау шаарларына 9-январга чейин рейстерди токтотту. Бул тууралуу 7-январда мамлекеттик "Анадолу" агенттиги кабарлады.

Учурда Стамбул аэропортунда жүздөгөн казакстандык жүргүнчү кармалып турганы кабарланды. Алардын арасында жаш балдар жана кары кишилер бар экени айтылууда.

Казакстандык "Эйр Астана" компаниясынын да Түркия - Казакстан каттамы боюнча рейстери токтогон. Ал эми Стамбул - Чымкент каттамы кадимки тартипте иштеп жатат.

Бейшембиде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Алматы" эл аралык аэропорту 19-январга чейин иштебей турганын билдирген.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышкан. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда. Казакстандын жалпы аймагында өзгөчө абал жарыяланды. (ElB)

Дагы караңыз

“Ак-Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери да жабылдыЖогорку Кеңеш кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук бердиТокаев “конституциялык түзүлүш калыбына келгенин" билдирдиПарламент кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү маселесин жабык кароого өттү