Бир жумада 12 миңден ашуун жолдо жүрүү эрежеси бузулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы бир жуманын ичинде (3-10-январь) жолдо жүрүүнүн эрежесин бузган 12 340 учур катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын ичинен мас абалында машине айдаган 149 айдоочу аныкталган. Катуу ылдамдыкта машине айдагандар эки миңге чукулдаган. 511 автоунаа айып короого токтотулган.

Кыргызстанда 2021-жылдын 11 айында 6820 жол кырсыгы катталып, 2020-жылга карата 22% көбөйгөн. 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган.

Кыргызстандагы жол кырсыктары жыл санап көбөйүп келет. Иликтөөлөр өлкөдө жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн.

Буга чейин президент Садыр Жапаров жол кырсыктарын азайтуу максатында "Коопсуз шаар" долбоорун өлкө боюнча ишке ашыруу, автомектептердин ишин көзөмөлдөө тапшырмасын берген эле. (BCh)

Дагы караңыз

Алматыда кармалган музыканттын жакындары Бишкекте митингге чыгыштыПрезидент Жапаров адилетсиз жоопко тартылган жарандар үчүн күрөшө турганын айтты Ташиев казак бийлигин "риториканы өзгөртүүгө" чакырдыСултанбаев: Рузахуновду деструктивдүү элемент катары көрсөтүү аракети тынчсыздануу жаратат