Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурада сурак берди

Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 17-январда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурада сурак берип чыкты.

Бул маалыматты ал "Азаттыкка" ырастап, 18-январда да чакырылганын билдирди. Саясатчынын айтымында, ал Малайзиядан Кыргызстанга сурак бериш үчүн келди.

"Азырынча эч нерсе деп айта албайм. Мен суралып да бүтө элекмин. Тергөө да аяктай элек", - деди Бекназаров.

Бул иш боюнча 2021-жылдын аягында "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов да Башкы прокуратурада сурак берип чыккан.

2010-жылдын июнь айындагы окуяга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайрадан тергеле баштаганын былтыр апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жарыялаган.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынын кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

"Июнь окуясы" деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. (BTo)

Дагы караңыз

Адахан Мадумаров президент Жапаровго жооп кайтардыБажы кызматынын жетекчиси Кубанычбеков коррупцияга шек саналып кармалдыБиримдик-Кут конушунун тургундары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгыштыБишкектеги кайра шайлоо: БШК төрт талапкерди каттадыИрак Беларустун чек арасынан 4 миңдей жаранын чыгарып кеттиҮч ай мурда абактан чыккан казакстандык активист Кенжебек Абишев каза болдуТүндүк Корея январда төртүнчү жолу баллистикалык ракета сынады