Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбеков коррупцияга шек саналып кармалды


Адилет Кубанычбеков.
Адилет Кубанычбеков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы аныкталганы кабарланды.

“Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин субъектилери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча 17-январда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Адилет Кубанычбеков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын төрагасы болуп былтыр октябрь айында дайындалган. Ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Былтыр декабрь айында “Азаттыкка” берген маегинде ал Кыргызстандын бажы тармагында аткезчилик токтогонун айткан.

2019-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери бажыдагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыккан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган. (BTo)

"Бажыдагы буга чейинки жемкордук схеманы жок кылдык"
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:54 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG