Коронавирустан дагы үч киши каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир күн ичинде (22-январга карата-ред.) Кыргызстанда коронавирус 791 адамдан жаңы аныкталды. Саламаттык сактоо министрлиги вакцина албаган үч бейтап каза болгонун билдирди. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (488 адам).

  • Чүй облусунда – 185,
  • Жалал-Абад облусунда – 39,
  • Баткен облусунда – 31,
  • Ысык-Көл облусунда – 17,
  • Ош шаарында – 7,
  • Ош облусунда – 8,
  • Талас облусунда – 9,
  • Нарын облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 466 адам илдеттен сакайып чыкты. Ушул күндөрү 1129 бейтап ооруканада, 6 697 адам үйүндө дарыланууда.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 194 миңден ашты, 2845 бейтап каза болду. 181 миңден ашык киши сакайып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Алматыда сабалган Сыдыковду Стамбул протоколу боюнча медициналык кароодон өткөрүү сунушталдыЧаткалда эки киши көчкү алдында калдыЕвробиримдик гуманитардык кризиске байланыштуу Ооганстан менен мамилесин жанданттыОрусия биргелешкен машыгуу үчүн Беларуска С-400 ракеталарын алып келди