Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет

Түгөлбай Сыдыкбеков

2022-жылы Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Азамат Жаманкулов Сыдыкбековдун үйүнө барып, жазуучунун уулу Сабырбек Сыдыкбеков менен жолукту.

Ал үйдүн тарыхы жана алдыда жасала турган иш-аракеттери тууралу айтып берди. Жаманкулов быйыл Сыдыкбековдун 110 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгилене тургандыгын, жазуучунун китептерин санариптештирүү, жеке буюмдарын сактоо үчүн өзү жашаган үйдүмузейге айлантууга көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди.

Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында Ысык-Көлдүн Түп районунда туулган. "Күрөш" деген алгачкы жыйнагы 1933-жылы жарык көргөн. Жазуучу атактуу “Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” романдарынын автору.

"Манас" эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошкон. Орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Евробиримдик гуманитардык кризиске байланыштуу Ооганстан менен мамилесин жанданттыОоганстанда дайынсыз болуп жаткан төрт активист аял абактан табылдыДепутат Айдарбеков кыргыз-казак чек арасынан жүк алып өтүү кыйындаганын айттыЗомбулукка кабылган аялдар жана балдар менен иштөө боюнча китепчелер даярдалды