Журналист Куттумидин Базаркуловдун абактагы мөөнөтү узартылды

Куттумидин Базаркулов.

Жалал-Абад облустук телерадиоканалынын (ЖТР) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркуловдун абактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, шаардык сот Базаркуловду 27-мартка чейин абакта камоо тууралуу чечимди январь айында чыгарганы белгилүү болду.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкерлери Куттумидин Базаркуловду 27-ноябрда Жалал-Абаддагы үйүнөн кармап кеткен. 28-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Атайын кызмат Базаркуловду "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыптап жатат.

Куттумидин Базаркулов Жалал-Абад облустук телерадиоканалын 2010-2016-жылдары жетектеген. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кайра баш тарткан.

Ал акыркы жылдары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып, 2020-жылы октябрь окуясынан кийин бийликке келгендерди кескин сындап жүргөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Украинанын өкмөттүк сайттары хакердик чабуулга кабылдыШольц Украинага каршы агрессиянын кесепети оор болорун эскерттиКыргызстанда жасалган алгачкы он автобусту мамлекет сатып алмай болдуБаткенде чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды