23-февраль дем алыш, 26-февраль иш күнү болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 23-февраль, шаршемби быйыл дем алыш күн болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 18-февралда билдирди.

Өлкөнүн “Эмгек кодексине” ылайык, 23-февраль – Мекенди коргоочунун күнү. Бул күн дем алыш жана майрам болуп эсептелет.

Ошону менен катар министрлик өкмөттүн январдагы эс алуу күндөрү боюнча токтомуна ылайык, 5-январдагы дем алыш үчүн 26-февраль, ишемби быйыл иш күнү болорун эскертти. (RK)

Дагы караңыз

Кайра шайлоо: үгүт жана айыптоо COVID-19: Бир күндө 35 бейтап катталды, эки адам каза болду Германия Иранды өзөктүк макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратпоого чакырды Украина өзүн өнөктөштөрү менен да, аларсыз да коргой турганын билдирди