ФИФА менен УЕФА Орусияны эл аралык оюндардан четтетти

ФИФАнын логотиби.

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жана Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) Орусиянын улуттук курама командаларын жана бардык клубдарын эл аралык футбол мелдештеринен убактылуу четтетти. Мындай чечим Орусиянын Украинага кол салганына жооп иретинде кабыл алынды.

Ошондой эле УЕФА демөөрчүлүккө байланыштуу Орусиянын “Газпром” компаниясы менен түзүлгөн келишимдерди да токтотту.

“Футбол биримдикте жана Украинадагы жабыркаган элге толук тилектеш”, - деп айтылат эки уюмдун биргелешкен билдирүүсүндө.

ФИФА менен УЕФАнын соңку чектөөсү канчага созулары азырынча белгисиз.

Мунун алдында Эл аралык Олимпиада комитети спорттук федерацияларды орусиялык жана беларус спортчуларына, расмий адамдарына мелдештерге катышууга уруксат бербөөгө чакырган.

Жекшембиде Дзюдо боюнча эл аралык федерация орус президенти Владимир Путинди «ардактуу төрага» деген наамынан ажыратууну чечкен.

Орусия кошуна өлкөгө кол салгандын эртеси эле «Формула-1» 25-сентябрга пландалган жарыш Сочи шаарында өткөрүлбөй турганын жарыялаган. Мунун артынан УЕФА Чемпиондор лигасынын финалын Санкт-Петербургдан Парижге которуу чечимин кабыл алган.

Дагы караңыз

Орусиянын БУУдагы 12 дипломаты персона нон-грата деп жарыяландыЗеленский Украинанын Евробиримдикке кирүү арызына кол койдуТүркия орус аскердик кемелеринин Кара деңизге өтүшүн чектейтОрусия менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүсү аяктады