Орусиянын Думасы армия тууралуу "фейк маалымат" тараткандарга каршы мыйзам кабыл алды

Орусиянын Мамлекеттик Думасы.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы орус армиясынын Украинанын аймагындагы аракеттери тууралуу фейк маалыматтарды тараткандарга кылмыш жоопкерчилигин киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Жума күнкү жыйында парламент документти үч окуудан дароо бекитти. Мыйзамга президент жакын арада кол коёт деп күтүлүүдө.

Мыйзам Кылмыш кодексине жаңы берене киргизет. Армиянын аракеттери тууралуу таратылган маалыматты сот “жалган” деп тапса, айыппул же үч жылга чейин колонияга кесилет. Киши кызматтык абалын колдонсо, же атайылап кара өзгөйлүк менен жасалма маалымат таратса 5 жылдан 10 жылга чейин камалат. "Фейк" маалыматтардын арты оор кесепеттерге алып келсе, аны тараткан киши 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды. Жүздөгөн киши каза болду. (ErN)

Дагы караңыз

Чүйдө кар көчкү басып калган адам каза болдуУкраин мигранттарынын агымына байланыштуу Чехия өзгөчө абал жарыяладыУкраинада атомдук электростанциядагы өрт өчүрүлдүЗеленский: Украина Орусияга туруштук бербесе, кезек Балтика өлкөлөрүнө келет