Жогорку соттун төрагасы отурумда тыюу салууларды токтотууга чакырды

Замирбек Базарбеков

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьяларга кайрылып, отурумдардагы түрдүү тыюу салууларды токтотууга чакырды. Мындай пикирин 4-мартта судьялардын курултайында айтты:

"Иштерди эч себеби жок эле жабык кароону, видеожазууларды жүргүзүүгө тыюу салууну токтоткула. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышты чыңдап, өркүндөтүү өтө маанилүү. Сотторду өз учурунда калыс жана туура маалымат берүүгө үндөйм".

Базарбеков бул талап сот адилеттигинин ачыктыгын камсыздоо боюнча мыйзамдын талабы экенин белгиледи.

Анын алдында сүйлөгөн президент Садыр Жапаров күч органдарынын кызматкерлерин соттордун ишине кийлигишпөөгө чакырып, эскертүү берген.

Кыргызстанда сот отурумдары судьянын чечими менен жабык өткөн, журналисттер киргизилбеген учурлар тез-тез болуп турат.

Эл арасында сот тутумундагы жемкорлукка нааразылык бар. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү тарабынан сотторго кайсы бир чечимди кабыл алууда басым болуп турары айтылып келет.

Дагы караңыз

NEXT TV телеканалынын колдоочулары УКМКнын астына митингге чыктыСанкциялардын Кыргызстанга таасири: экономикадан киного чейин Садыр Жапаров күч кызматкерлерин соттордун ишине аралашпоого чакырдыОрусияда Twitter, Facebook, BBC, “Радио Свобода” сайттары жабыла баштады