Тажикстанда орусиялык аскерлердин машыгуулары башталды

Орусиянын Тажикстандагы аскер бөлүктөрү.

14-мартта Харбмайдон полигонунда башталган машыгууга Орусиянын Борбордук аскер округуна караштуу Тажикстандагы 201-аскердик базасынын миңден ашуун аскер катышып жатканын орусиялык маалымат агенттиктери жазып чыкты.

Маалыматка караганда, тактикалык машыгуулар үч этапта өтөт. Негизги этапта аскерлер мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөргө бөгөт коюп, жок кылуу операциясын аткарышат.

Аскер бөлүктөрү диверсиялык-чалгындоо топторунун чабуулунун мизин кайтаруу жана райондун шарттуу түрдө ууланган тилкелерин басып өтүү көнүгүүлөрүн аткарып, машыгуу өткөн аймакка жүрүш жасаганы кабарланды.

Мындан тышкары, машыгуулардын жыйынтыктоочу этабында аскерлер күжүрмөн даярдыгын көргөзүү боюнча тапшырмаларды аткарат. Машыгууда чалгындоо-атуу жана чалгындоо-сокку системалары колдонулат.

Тажикстанда жайгашкан 201-аскердик база Орусиянын чет өлкөлөрдөгү эң ири аскердик базасы. Анын аскер бөлүктөрү Тажикстандын башкалаасында жана Бохтарда жайгашкан.

Анын курамында мотоаткычтар, танктар, артиллериялар, чалгындоо бөлүктөрү, абадан коргонуу бөлүктөрү, радиациялык, химбиологиялык коргонуу жана байланыш бөлүктөрү бар.

18-мартка чейин өтө турган бул машыгууларга 1000ден ашуун орусиялык аскер катышып, 300дөн ашык курал-жарак, аскердик жана атайын техника, армиянын авиациялык тик учактары тартылган.

Тажикстандын Куралдуу күчтөрү бул машыгуулар тууралуу маалымат тараткан жок.

Дагы караңыз

Жасалма диплом чуусу: тизмеде төрт депутат, эки судья бар Песков "1-каналдын" редакторунун аракетин "бейбаштык" деп атады БШКнын Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган чечими күчүндө калдыӨкмөт бюджетти колдоо үчүн 160 миллион доллар насыя алат“Эйр Манас” Орусияга каттамдарын убактылуу токтотту