Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

“Эйр Манас” Орусияга каттамдарын убактылуу токтотту


“Эйр Манас” авиакомпаниясынын учагы.
“Эйр Манас” авиакомпаниясынын учагы.

Кыргызстандын “Эйр Манас” авиакомпаниясы 15-марттан тарта ушул айдын аягына чейин Орусияга каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги кабарлап, анын себебин түшүндүргөн жок.

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы “Эйр Манастын” бир эле учагы бар экенин, ал чартердик каттамдарды гана тейлеп жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, ушул күндөрү Бишкек-Москва багыты боюнча жергиликтүү “Авиатрафик”, Орусиянын “Аэрофлот” компаниясы каттамдарды аткарууда.

“Аэрофлот” 8-марттан баштап эл аралык каттамдарынын баарын убактылуу токтотуп, кайра 14-мартта Кыргызстанга каттамдарын жанданткан.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин орус авиакомпаниялары бир топ өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын санкцияларына жана чектөөлөрүнө кабылды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG