Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Өкмөт бюджетти колдоо үчүн 160 миллион доллар насыя алат


Кыргыз өкмөтү бюджетти колдоо үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 160 млн. доллар насыя алууну пландап жатат. Буга байланыштуу макулдашуу 14-мартта парламенттин тийиштүү комитетинде каралды. Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшееванын белгилешинче, бул каражат энергетика, азык-түлүк коопсуздук, айыл-чарба тармагына жумшалат.

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналына жарыялаган документтерге ылайык, Кыргызстан бул каражатты эки транш менен алат. Биринчисин 2022-жылы жана экинчисин 2023-жылы ала турганы көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары Бириккен Улуттар Уюму Улуттук статистика комитетине 10 млн. сом бөлүп жатканын, каражат эл каттоонун алдында адистерди окутууга жумшала турганын белгиледи.

Финансы министрлигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Нурбек Акжоловдун буга чейин "Азаттыкка" билдиришинче, Кыргызстан 2021-жылы эл аралык донор уюмдардан жалпысынан 38 миллиарддай сом (447 милион 585 миң 394 доллар) алган. Ал Кыргызстанга сырттан акча эки максатта, тактап айтканда, мамлекеттик инвестициялар аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырууга жана бюджетти колдоого келерин белгилеген. Анын айтымында, донорлордон алынган 11,4 млрд. сом бюджетти колдоого жумшалган. Ири долбоорлорго 26,4 млрд. сом сарпталган. Анын 17,9 млрд. сому насыя, 8,5 млрд. сому грант.

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада өлкөнүн эгемен жылдарында топтолгон карызы 5 миллиард долларга жакындаганын, кайра кайтаруу мөөнөтү анын президенттик мезгилине туш келип отурганын билдирген. Быйылтан тарта 2026-жылга чейин эң жогорку сумма – 350 миллион доллар төлөш керектигин, андан кийин төлөм ылдыйлап отуруп, 2030-жылдарда бүтөрүн айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG