Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-20-март күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы туруксуз болот. Көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

16-мартта Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;

Бийик тоолордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° болот.

XS
SM
MD
LG