Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Песков "1-каналдын" редакторунун аракетин "бейбаштык" деп атады


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Биринчи каналдын" редактору Марина Овсянникованын согушка каршы плакат менен түз эфирге чыккан жоругун “бейбаштык” деп атады. Бул тууралуу "Медуза" агенттиги кабарлады.

Агенттиктин журналистинин "Биринчи канал" чынында эле согуш тууралуу жалган айтып жатабы" деген суроосуна Песков: "Жок, андай эмес" деп жооп берди.

"Биринчи канал бул бренд, биздин башка алдыңкы орусиялык телеканалдардай эле сапаттуу, өз убагында, өтө ыкчам жана калыс маалыматтарды берген негизги телеберүү. Ал кыздын жасаган жоругуна келсек, бул жөн эле бейбаштык. Телеканал муну өзү териштирип алат. Бул иш биздин күн тартиптеги иш эмес", - деген Песков.

"Биринчи каналдын" жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянникова "Время" программасынын 14-марттагы түз эфиринде алып баруучунун артына "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле! Бул жерде калп айтып жатышат!" деген плакат менен чуркап чыккан.

Марина Овсянникова ошол замат кармалган, азыр анын кайда экени белгисиз болуп жатканы кабарланды. Журналистке өз ыктыяры менен жардам бергиси келген ар кайсы адвокаттар аны издеп, байланыша албай жатышканын билдиришүүдө.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, редактор Овсянниковага карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 207-3-беренеси боюнча тергөө иштери башталды.

Бул беренеде Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн абалы жана согуш тууралуу ачык айткан адамдарга 15 жылга чейинки жаза каралган.

XS
SM
MD
LG