"Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китеп жарык көрдү

Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулунун "Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китеби жарык көрдү.

Китепте Кыргызстандын эгемендик жылдарында айрым багыттарга артыкчылык берилип, көңүл чордонунда болбой калган – өлкөнүн диний саясаты туурасында сунуш-пикирлер камтылган.

"Айтылуу көйгөй менен күрөшүүнүн, анын залалдарынан аман калуунун бир гана жолу – туура, башкача айтканда, динди илимий-аналитикалык усулдун негизинде түшүнө билүү жөндөмүнө ээ болуу. Бул китеп маселени дал ушул өңүттөн колго алып көрүүнү жүзөгө ашырууга аракет жасаган, киришүү маңызындагы эмгек", - деп жазган автор.

Элмурат Кочкор уулу учурдун жаңылыш диний түшүнүгүнөн катуу жапа тартып кала электе, бул эмгектеги ой-толгоолорго коомчулуктун көңүлүн буруу – китепти жазуудагы эң башкы максаты экенин белгилеген.

"Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китеби Кыргызстанда басылып чыгып, окурмандарга сунушталды.

Элмурат Кочкор уулу "Азаттык" радиосу менен кызматташып, дин темасындагы блогдорду жазып келет.

Дагы караңыз

ИИМ Баткенде ири көлөмдө апийим табылганын билдирдиПарламент Исфана шаарына Раззаковдун ысымын берүү сунушун колдоду Украина: Орусия Харьковдо эле 500дөй кишинин өмүрүн кыйды Бишкекте "Азаттык" тарткан тасма көрсөтүлүүдө