Бишкекте “Кыргызстандагы медиа: келечекке кадамдар” форуму өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 23-мартта Бишкекте Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалы жана өнүгүү маселелери талкууланган медиа форум өтөт. “Кыргызстандагы медиа: келечекке кадамдар” аттуу форумду Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия жана Медиа өнүктүрүү борбору уюштурууда.

Талкууга өлкөдөгү алдыңкы ЖМК, өкмөт жана эл аралык уюмдар өкүлдөрү катышат.

Форумдун күн тартибинде социалдык түйүндөрдүн журналистикага тийгизип жаткан таасири, медиа сектордун өз алдынча жөнгө салынуусу, жаңы чакырыктар боюнча маселелер бар.

Иш-чаранын катышуучулары бүгүнкү талкуунун жүрүшүндө “Кыргызстандын журналистинин этика кодексинин” жаңы редакциясына кол коюшат. (RK)

Дагы караңыз

Украинада каза болгон жигиттин сөөгү Кыргызстанга жеткирилетТекебаев менен Чотоновго жалаа жапкан Маевский 11 жылга кесилди Ошто турак жай кооперативине нааразылар митингге чыктыПакистанда машыгуу учурунда учак кулап, эки учкуч каза болду