Кой-Таш окуясы боюнча сотко жеткирилген Атамбаев отурумга катышкан жок

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн 23-мартта Биринчи май райондук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча отурумга жеткиришип, бирок кайра колонияга алып кетишти. Себеби Атамбаев аны сотко кайтаруу менен жеткирип барган машинанын ичинен чыгуудан баш тартты.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, буга мурдагы президенттин ден соолугуна байланыштуу жагдай жана аны абактан күн суукта жеңил кийимчен алып чыгышканы себеп болду:

“Атамбаевди №47 колониядан күч колдонуп, конвой кызматкерлерине өткөрүп беришиптир. Атамбаев ушул суукта футболкачан отурат. Колониянын башкы дарыгери 11-мартта прокурорго “Атамбаевди абакта кармоо мүмкүн эмес, анткени анын оор илдеттери бар. Ал сотко катыша албайт” деген бүтүм жазып берген”.

Жактоочунун айтымында, мурдагы президенттин жүрөгүнө жана омурткасына байланыштуу оорулары бар.

Кой-Таш окуясы боюнча бүгүнкү сот отуруму президенттик администрациянын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун катышуусу менен уланууда. Судья отурумду видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салды.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга кесилген. Ал эми 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланууда.

Кой-Таш айылында, Атамбаевдин үйүндө аны Батукаевдин иши боюнча кармоо үчүн жүргүзүлгөн операция учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. (RK)

Дагы караңыз

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 58 өрт өчүрүүчү унаа алып бердиБишкек–Ош жолунда жүк ташуучу машинелердин өтүүсүнө кайра чектөө кирдиCOVID-19: Бир бейтап каза болуп, он учур жаңы катталды"Единая Россия" партиясынын депутаттарына Орусиядан чыгууга тыюу салынды