Болгария Орусиядагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алды

Болгариянын премьер-министри Кирилл Петков.

НАТОнун жана Евробиримдиктин мүчөсү Болгария өзүнүн Орусиядагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алды. Бул чечим Орусиянын Болгариядагы элчисинин “дипломатияга жат, одоно жана чукул аракеттерине” байланыштуу кабыл алынганы айтылды.

“Биз Орусиядагы элчибизд, Болгарияга кеңешүү үчүн чакырттык. Адатта бир өлкө элчисин чакыртып алса, экинчи өлкө да ошондой эле аракетке барып, өз элчисин чыгарып кетиши керек”,- деди 24-мартта Болгариянын премьер-министри Кирилл Петков.

Мурдараак “Россия 24” телеканалына Орусиянын Болгариядагы элчиси Элеонора Митрофанова “болгар эли өз өкмөтүнүн Москвага каршы аракеттерин колдобойт” деп айткан эле. Анын алдында Болгария Кремлдин Украинага карата агрессиясын айыптап, өлкөдөгү 10 орус дипломатын чыгарган.

Мындан кийин Латвия, Литва жана Эстония дагы орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарарын билдирген. Польшанын Чалгын кызматы Тышкы иштер министрлигине кайрылып, Орусиянын 45 дипломатын "тыңчылык иштерге тиешеси бар" деп, өлкөдөн чыгарууну өтүндү. Мындай чечимдер Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу кабыл алынып жатат. (ErN)

Дагы караңыз

Адвокат Токтакунов шаардык сотко апелляциялык арыз жаздыБайсалов Украинанын элчиси Жовтенко менен жолуктуКадыр Атамбаев абакта отурган атасынан кабар алганын билдирди Өкмөт кризиcке каршы планын жарыялады