Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Адвокат Токтакунов шаардык сотко апелляциялык арыз жазды


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

Адвокат Нурбек Токтакунов Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Мунун алдында Биринчи май райондук соту аны судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Судья Убайдулла Сатимкулов Токтакуновду Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Ал сот залынан райондук милициянын бөлүмүнө жеткирилип, кайра бошотулду.

"Мени кагаздарга кол коюшум керектигин айтып, милициянын бөлүмүнө кайра алып киришти. Ал жерде прокуратуранын камоо тууралуу көрсөтмөсү бар экенин айтып, кеңешүүгө кирип, чыгышкан жок. Менин күтүү мөөнөтүм бүттү, үйгө кетип жатам. Мени кармалгансыз деп эч ким айткан жок", - деди Токтакунов.

Райондук соттон азырынча комментарий боло элек.

Укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова жана Өндүрүш Токтонасыров 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка нааразылык билдирип пикетке чыккан. Аларды милиция кармап, сотко жеткирилгенден кийин бошотулган. Ишти Биринчи май райондук соту карап, "Майда бейбаштык" беренеси боюнча үчөө тең акталган. Сот Укук бузуулар кодексинин "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренеси боюнча үчөөнө тең 3 миң сомдон айып салган.

Алардын адвокаты Нурбек Токтакунов элчиликтин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим мыйзамсыз, Конституцияга каршы келерин айтып, сотторду сынга алган. Бул үчүн ал "Майда бейбаштык" беренеси менен жоопко тартылууда.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бир нече шаар талкаланды. 3 миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG