Бөлүштүрүүчү компаниялар Улуттук электр тармагына кошулмай болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 26-мартта "Кыргызстан улуттук электр тармагы" акционерлердин кезексиз жыйынын өткөрдү. Анда “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ошэлектр” жана “Жалалабадэлектр” ишканаларын "Улуттук электр тармактарына" кошуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

"Улуттук электр тармактары" – электр станциялары өндүргөн энергияны өлкө аймагына жогорку вольттуу түйүндөр аркылуу бөлүштүрүүчү ишкана. Компания ири ишканаларга электр энергиясын жеткирип, ортомчу компанияларга сатат.

Буга чейин тармактагы реформаларга ылайык энеркетикалык компаниялардын саны кыскара турганы айтылган.

Дагы караңыз

Хельсинки комитети Токтакуновдун камалышына камтамачылыгын билдирдиАкча алмаштыруучу алты жайдын лицензиясы убактылуу токтотулдуБишкек-Нур-Султан: чек арада жүк ташуучу унаалардын кезегин болтурбоо макулдашылдыМариуполдо 200дөн ашуун сөөк бир жерге көмүлгөн болушу мүмкүн экени айтылды