Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушу тапта жолдогу кар тазаланып, кум төгүлүүдө.

Буга чейин Өтмөк ашуусунда да жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө чек коюлган.

Синоптиктер Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирип, машинелер ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.(BkA)

Дагы караңыз

ЖАМК Атамбаевдин адвокаттарынын дооматтарын четке кактыКоронавирус жугузуп алган 140тан ашык бейтап дарыланууда "Украинада маанилүү кызматтагы мекендештер ишин улантууда" Лейлекте эки айыл өкмөт башчысы камакта калды