COVID-19: каза болгондор катталган жок, оору 12 адамдан аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 31-мартка карата 200 935 адамды түздү. Соңку бир күндө каза болгондор катталган жок, оорудан жалпысынан 2988 бейтап көз жумду.

Ушул тушта ооруканаларда жаткан 84 адамдын 11инин абалы өтө оор, дагы 26 бейтап оор абалда. Үйлөрүндө 60тан ашык адам дарыланууда.

Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) 29-мартта Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирусту жана кургак учукту ыкчам аныктай турган атайын жабдыктарды тапшырган.

Агенттик GeneXpert диагностикалык системасы 40 мүнөт ичинде коронавирус инфекциясын так изилдөөгө мүмкүндүк берерин, сурдагыдай 4-5 саат күтүү зарылчылыгы жоктугун билдирген.

Мындан тышкары, GeneXpert менен кургак учукту аныктоо үчүн тест жүргүзсө да болот.

Тапшырылган жабдыктардын жалпы баасы болжол менен алты миллион сомду түздү. Жардам USAIDдин “Саламаттыкты сактоо системасынын туруктуулугун бекемдөө” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү.

Дагы караңыз

ЖМКга каршы дооматты караган комиссияга Ыдырыс Исаков тууралуу арыз түштү АКШнын чалгынчылары: Путинге кеңешчилери толук маалымат бербей жататБишкек мэриясы соцтармактарга байланыштуу катын түшүндүрдү Бакыт Төрөбаев өкмөт башчынын орун басары кызматына дайындалдыАКШ менен Украинанын президенттери телефондон сүйлөштү