Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

АКШ менен Украинанын президенттери телефондон сүйлөштү


Байден менен Зеленскийдин Вашингтондогу жолугушуусу. 1-сентябрь, 2021-жыл.
Байден менен Зеленскийдин Вашингтондогу жолугушуусу. 1-сентябрь, 2021-жыл.

30-мартта АКШнын президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский бир сааттай телефондон сүйлөштү. Ак үй маалымдагандай, бул сүйлөшүүдө Украинага аскердик, экономикалык жана гуманитардык жактан жардам көрсөтүү жана Орусияга багытталган санкциялар тууралуу сөз болду. Ошондой эле Байден Кошмо Штаттар Украинанын бюджетине түз жардам катары 500 миллион доллар бөлө турганын айтты.

Зеленский Байден менен Украинадагы кармаш жүрүп жаткан аймактардагы жана сүйлөшүүлөр үстөлүндөгү акыркы кырдаалды да талкуулаганын Твиттерге жазды.

Орусиянын армиясы Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды.

29-мартта Украина менен Орусиянын делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсүндө жылыш байкалганы кабарланган. Аны улай Москва Киевдин айланасындагы жана Украинанын түндүгүндөгү аскердик операциясын басаңдата турганын билдирген. Бирок украин бийлигинин өкүлдөрү орус күчтөрү 30-мартка караган түнү Украинанын түндүгүндөгү шаарларга сокку урууну улантканын билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG