Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

АКШ менен Орусиянын астронавттары Жерге чогуу кайтып келишти


Казакстанга конгон "Союз" капсуласы.
Казакстанга конгон "Союз" капсуласы.

30-мартта бир америкалык жана эки орусиялык астронавт Эл аралык космостук станциядан Жерге кайтып келишти. НАСАнын космонавты Марк Ванде Хай жана орусиялык космонавттар Антон Шкаплеров менен Пётр Дубров отурган "Союз" капсуласы Казакстандын Жезказган шаарынын жанына конду.

"Куткаруучулардын айтымында, экипаж өзүн жакшы сезип жатат", - деп жазды Телеграмга "Роскосмостун" башчысы Дмитрий Рогозин.

Украинадагы согушка байланыштуу АКШ менен Орусиянын ортосунда өкүм сүрүп жаткан чыңалуудан улам эки өлкөнүн космонавттарынын Жерге кайтып келишине бул ирет өзгөчө көңүл бурулду.

Астронавт Марк Ванде Хай НАСАнын дарыгерлер жана башка кызматкерлеринин тобу менен дароо эле Кошмо Штаттарга учуп кетери маалым болду. Ал космосто 355 күн өткөрүп, америкалык дагы бир астронавт Скотт Келлинин 340 күндүк рекордун жаңыртты.

Пенсияга чыккан Келли Орусиянын Украинага кол салышын колдогон Рогозин менен Твиттерде кайым айтышкан болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG