Улуттук банк валюта базарынан бүгүн да доллар сатып алды

Улуттук банк.

Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 31-мартта да валюта сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү. Башкы банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, жалпысынан 14,5 миллион доллар сатылып алынды.

Бир күн мурда, 30-мартта Улуттук банк валюта базарындагы 5,4 миллион долларды өзү сатып алган.

2018-жылдан бери Кыргызстанда мындай операция жүргүзүлгөн эмес.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен.

Ошондон бери төмөндөп отуруп, бүгүн 31-мартта акча алмаштыруучу жайларда доллар 79 сомго түштү. Улуттук банктын бул күнгө расмий курсу 82,46 сом деп аныкталган. (RK)

Дагы караңыз

Милиция Темиров жана Назаров боюнча иликтөө аяктай электигин билдирди Путин "дос эмес өлкөлөр" үчүн газдын акысын төлөө тартибин бекиттиБалыкчы–Кочкор темир жолунун курулушу расмий башталдыКыргызстандын жарандыгын алгандар көбөйдү