Өзбекстандын премьер-министри жумушчу сапар менен Кыргызстанга келди

Абдулла Арипов менен Акылбек Жапаров.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди. Өзбек өкмөт башчысын Ош эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, президенттин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат.

Мындан тышкары Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына видео байланыш режиминде катышат.

Былтыр Өзбекстан Баткен облусунун Лейлек районундагы Самаркандек жана Маргун айылдарына мектеп куруп берери белгилүү болгон.

Дагы караңыз

Бишкек: таштанды жайга бөлүнгөн акчадан улам төрт кылмыш иши козголгонДиплом текшерүү: жанын кыйган мугалимАйсулуу Кудайбердиева Next TV телеканалына байланыштуу суракка чакырылды Украин күчтөрү Черниговдун четиндеги кыштактарга көзөмөлүн орнотту