АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Бишкекте аял лидерлер менен жолугат

Узра Зея.

Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча жардамчысы Узра Зея менен майыптардын эл аралык укуктары боюнча атайын кеңешчиси Сара Минкара 11-16-апрель күндөрү Казакстан менен Кыргызстанда болот. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

"Узра Зея Бишкекте эки тараптуу жана глобалдык маселелер боюнча кызматташууну бекемдөө, демократиялык институттардын маанилүүлүгүн талкуулоо үчүн жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугат. Ал ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү менен сөз эркиндиги жана адам укугу, анын ичинде майыптардын укугуна байланыштуу маселелерди талкуулайт. Андан сырткары аял лидерлер, ишкерлер менен кездешип, кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтуу жолдору тууралуу баарлашат", деп айтылат маалыматта.

Дагы караңыз

Атамбаев соттук отурумда айнек тосмону тепкиледиОктябрь окуяларында жабыркагандар Жээнбековду жоопко тартууну талап кылышты Pink Floyd Украинага арнап ыр жаздыПесков Украинадагы согушта Орусиянын олуттуу жоготууларын моюнга алдыӨКМ кар көчкү жана сел коркунучун эскертти