“Институт Медиа Полиси”: Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлады

Сөз эркиндигин коргогон акция. Бишкек. 2020-жыл.

Кыргызстандагы “Институт Медиа Полиси” уюму 2020-жылы октябрь айынан баштап 2022-жылга чейин өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мониторинг кылып, атайын баяндамасын жарыялады.

Анда мамлекеттик жогорку кызмат адамдарынын жана саясатчылардын бардык социалдык тармактардагы баракчаларына мониторинг жасалган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында сөз эркиндигинин абалы начарлап, Кыргызстандын саясий айдыңында авторитаризмдин белгилери, репрессиялык ыкмалар, медиага көзөмөлдү күчөтүү аракети жана эркин массалык маалымат каражаттарына кысым байкалган.

“Институт Медиа Полиси” уюмунун баяндамасы жана сунуштары жөнүндө кенен маалыматты бул жерден окусаңыз болот.

Баяндамада жыл башынан бери Temirov.Live, Kaktus.Media жана Next TV телеканалына козголгон кылмыш иштери белгиленген. Интернет троллдор аркылуу социалдык тармактарда журналист, блогерлерди каралоо күч алганы жазылган. (TSh)

Дагы караңыз

Президент мектептердин салынышы боюнча түшүндүрмө бердиОрусияда Дудь баштаган бир нече адам “чет элдик агент” деп табылды Жетекчилер мыйзам сунуштоо, эл алдында сүйлөө боюнча окуудан өтүшүүдөВице-мэр “Тазалыктын" жумушчулары ишке чыкканын билдирди