Орозо айт майрамы 2-майга белгиленди

Ош шаары.

Быйылкы Орозо айт майрамы 2-майга белгиленди. Бул тууралуу бүгүн 20-апрелде Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Ислам шариатына ылайык, Орозо айынын аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Айт майрамы Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде белгиленет.

Жалпы мусулмандар ыйык тутуп, ниет кылган Орозо айы Кыргызстанда быйыл 2-апрелде башталган. 28-апрелге караган түн Кадыр түн болот.

Май майрамдарына байланыштуу быйыл Кыргызстанда 1-майдан 9-майга чейин дем алыш күндөр болорун өкмөт маалымдаган. 1-май - Эмгек күнү, 5-май - Конституция күнү, 9-май - Улуу Жеңиш күнү. (RK)

Дагы караңыз

Алматыда кыйноого кабылган Чолпонбек Сыдыковдун укугун эки өлкөнүн адвокаттары жактайтТүркмөнстан: жаңы президентти даңазалаган ыр сынагы жарыяландыОн эки медициналык коллежге чара көрүү сунушу берилди“Кумтөрдөн” Ысык-Көлгө бөлүнгөн 61 миллион доллар туура эмес колдонулганы белгилүү болду