Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматтан кетти

Руслан Казакбаев

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетти. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" ырастады.

Казакбаев кайсыл кызматка бара турганы азырынча белгисиз.

55 жаштагы Руслан Казакбаев тышкы иштер мекемесин 2020-жылдын 14-октябрынан бери жетектеди. 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал 2010-2012-жылдары дагы тышкы иштер министринин кызматын аркалаган.

Дагы караңыз

Алиев Арменияны тынчтык келишимине кол коюуга чакырдыОрус генералы: Москва Украинанын түштүгүнө көзөмөлүн орноткусу келетШинжаңдык 20 үй-бүлө Казакстанга көчүп келдиБритания Киевдеги элчилигин кайра ачат