Селден улам Алайдагы негизги автоунаа жол жабылып калды

Иллюстрациялык сүрөт

Катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там автоунаа жолунун 40-44-чакырымы жабылып калды деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Бул Алай районун облус борбору менен байланыштырган негизги жол.

Жолду тазалоо үчүн техника тартылды. Учурда каттам эки тараптуу жабык турат деди аталган министрлик. Селдин кесепетинен жабыркагандар жок.

24-апрелде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан Ооган-Талаа айылында дагы сел жүрүп, суу айрым үйлөрдү каптап кеткен.

Өткөн аптанын аягында Талас облусунда мөндүр аралаш нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, айрым үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Кыргызгидромет 25-апрелге чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы болорун эскерткен.(KS)

Дагы караңыз

Министрлик дарыгерлердин айлыгы көбөйгөн жол-жобону түшүндүрдү Атамбаевдин тарапташтары соттун алдында акция өткөрдүКытайда каржы пирамидасынан улам издөөдө жүргөн жаран Бишкекте кармалды