Өзбекстандын Маданий мурастар агенттиги Ичан-кала зыян тартканын четке какты

Ичан-кала.

Өзбекстандын Маданий мурастар агенттиги Ичан-каладагы объектилердин зыянга учураганын четке какты.

"ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Хивадагы Ичан-кала объектилеринде акыркы он жылда жаңы бузулуу аныкталган эмес", - деп маалымдады агенттик.

Апрелдин аягында Зоология институтунун директору, биология илимдеринин доктору Бахтияр Холматов Ташкенттеги брифинг учурунда Ичан-кала тарыхый комплексиндеги 33 тарыхый эстеликте чегилген жыгачтарга курт-кумурскалар олуттуу зыян келтирип жатканын айткан.

Агенттик 58 тарыхый-архитектуралык эстеликти зыянкечтерден сактоо боюнча көп жылдан бери илимий-практикалык иш жүрүп жатканын белгиледи.

Он жыл мурун 34 объектини курт-кумурска уялап кеткени аныкталган. Ошондон бери химиялык жана биологиялык ыкмалар менен дезинфекциялык иштер жүргүзүлүп келери айтылды.

Дагы караңыз

Венгриянын тышкы иштер министри "Достук" ордени менен сыйландыГурбангулы Бердымухамедовдун жаңы китеби Айт намазда окулдуУлуттук анимациянын негиздөөчүсү Сагынбек Ишеновдун музейи ачылдыАкылбек Жапаров дарыгерлерге көрүнүү үчүн Германияга кетти