Бишкекте башаламан сооданы тыюу үчүн рейд жүрүүдө

Рейд учуру. Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкектеги Биринчи Май райондук акимчилиги милиция менен чогуу көчө боюндагы башаламан соода кылгандарга каршы рейд жүргүзүп жатат.

Эркиндик гүлбагындагы жана "Ала-Тоо" аянтындагы түрдүү оюн-зоок автоматтары, суусундук, балмуздак жана башка тамак-аштарды мыйзамсыз саткан соода түйүндөрү, Сүрөтчүлөр галереясындагы караоке алынды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, рейд күн сайын саат 18:00-01:00 аралыгында жүрөт.

Ошондой эле түрдүү мекеме-ишканаларды айланта курчаган темир торлор да алынып жатат. "Тазалык" ишканасы жергиликтүү бийлик менен чогуу буга чейин бир катар жогорку окуу жайлардын, мамлекеттик жана башка ишканалардын тосмолорун алганы кабарланган.(ZKo)

Дагы караңыз

Султанбаев депутаттарды коңшулар тууралуу сын айтууда этият болууга чакырды Ташкент бийлиги эркектердин узун сакалын мажбурлап алдыруудаЖогорку Кеңеш кумарканалар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат"Исламды илимге жана демократияга каршы койбош керек"Депутат Осмонов "Достук" аркылуу өткөндөр кыйналып жатышканын айттыБолот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштери сотко өткөнүн маалымдады Элчилик тажик абагындагы журтташтардан кабар алдыСадыр Жапаров: Ширшов Максим Бакиевдин акчасын кайтарууга көмөктөшөт