Журналист Болот Темировдун иши боюнча соттук угуу башталды

Болот Темиров Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 18-май, 2022-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-майда иликтөөчү журналист Болот Темировдун баңгизат ишине байланыштуу соттук угуу башталды. Мыйзам боюнча алгачкы соттук угуу жабык өтүүдө.

Жыл башында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тозуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөөрүн билдирген. (BTo/TSh)

Дагы караңыз

Жалал-Абадда калемсап капкагын жутуп алган наристе чарчап калдыИИМ: Баасы 1 млн. доллардан ашык баңгизат алындыОшто мас болуп көчөдө чуу салган милиция кызматтан алындыОрусиянын дүйнөлүк эки уюмдан чыгуу сунушу талкууланат