Аксыда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптады

Аксыдагы сел.

Бүгүн, 21-майда Аксы районунун Кара-Башат айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, айрым үйлөрдү, короолорду суу каптаган. Окуя болгон жерге ӨКМдин райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

19-майдын кечинде Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам бир катар айылдарда сел жүрүп, мал жандыктарды агызып, жолдун бир бөлүгүн бузуп кеткен.

18-майда Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын бир катар аймагында сел жүрүп, 70тен ашык үйдү каптаган. Чаткалдагы Терек-Сай айылындагы көпүрөнү агызып кеткени, Ала-Букада электр мамычасы жабыркаганы да кабарланган.

5-майда Сузак районунун бир нече аймагында сел жүргөн. Кокту-колоттордон түшкөн сел онго чукул айылды каптап, 1000ден ашуун тургун коопсуз жерге чыгарылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жерде ири жол кырсыгы болдуОрусия Финляндияга жаратылыш газын берүүнү токтоттуЖумгалда прокурор менен соттун кармалышынын жаңы жагдайлары айтылдыЧымкентте төрөт үйүнүн жанындагы жарылуудан бир киши каза болду