Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Бишкекте өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 25-30-май күндөрү өткөн жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда болгону айтылды.

Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтө турган болду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. (КЕ)

Дагы караңыз

Баткендин чек арага жакын аймагына турак жайларды курууга 200 млн. сом бөлүнүшү мүмкүнАкылбек Жапаров соода түйүндөрдүн бардыгына ККМ коюларын белгиледиБлогер кысымга кабылып жатканын айтты Улуттук банк эсептик ченди 14 пайыз деңгээлинде калтырды