Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Каракол-Эңилчек автоунаа жолу ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусу ачылып, тазалоо иштери жүрүп жатат. Учурда Сырт өрөөнүндөгү калың кардан өлгөн малдын саны такталып жатат. Ошондой эле мал-жандыктарга тоют жеткирилген.
Жолдо кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
1-июнда кечинде президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов тийиштүү органдардын өкүлдөрү менен Чоң-Ашуу ашуусуна кетишкен. Жергиликтүү бийлик малчылардын маселеси жөнүндө кабардар экенин билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусундагы айрым райондун малчылары жайлаган жайлоолордо калың кар түшүп, мал-жандыктарга тоют жок болуп жатканын айткан. Жумабеков парламент жыйынында Министрлер кабинетин тез арада чара көрүүгө чакырган.
Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнү Нарын облусунун жайлоолору менен чектешет. Ал жайлоого Каракол-Эңилчек автоунаа жолу менен барат. (TSh)
Дагы караңыз
Оппозициялык кыймыл Болот Темировго күч органдары кысым көрсөтүп жатканын билдирдиКыргыз кызы Түштүк Кореяда жергиликтүү кеңештин депутаты болдуБурана мунарасынан кыз кулап, каза болду“Камбар-Ата-1” курулуучу жердин инфраструктурасы эки жылда түзүлөт Депутат бала асырап алуу шартын жеңилдетүүнү сунуштады