ЖК: Табият кырсыгынан жабыркаган аймактар маселеси айтылды

Сузак районунан тартылган сүрөт. 5-май, 2022-жыл.

Табият кырсыгынан мал-жандыгынан, өстүргөн өсүмдүгүнөн жоготууга учурап жаткан малчы жана дыйкан-фермерлер маселеси бүгүн 8-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда жааган калың карда малчылар 800дөй кой-эчкисинен жана 400дөн ашык бодо малынан ажыраганы, Талас, Нарын облустарынын бийик тоолуу аймактарында да көйгөй бар экени айтылып, аларга президенттин, өкмөттүн, парламенттин, район акимдеринин жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонддорунун акчасынан каражат бөлүп, жардам берүү керектиги белгиленди.

Сырт өрөөнүндө кырылган мал.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өткөн айда катуу жааган жаандын жана мөндүрдүн кесепетинен пахта талааларын суу алып, жуулуп кеткени, дыйкандар зыянга учурап турганы, арасында банктан гектарына 70-75 миң сомдон кредит алып иштетип жаткандары да бар экени, алар өкмөттөн жардамга муктаж болуп турганы айтылды.

Быйыл Кыргызстанда жаз айлары жаанчыл болуп, көпчүлүк аймактарда сел жүрдү, тоолуу аймактарда калың кар жаап, ашуулардан өтүү кыйындады. (RK)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көлдөгү калың кар: Кырдаал кандай?

Дагы караңыз

ӨКМ: Жоокердин сабалышына байланыштуу алты кызматкер иштен четтетилди Президент: “Камбар-Ата-1” курулса Борбор Азияга пайдалуу болот“Камбар-Ата-1” ГЭСинин биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалуудаКыргыз-кытай тышкы иштер министрлери жүк ташууну көбөйтүүнү талкуулады