Жалал-Абадда Июнь окуясынын 12 жылдыгы эскерилди

Жалал-Абад облусундагы Июнь окуясын эскерүү иш-чарасы. 13-июнь, 2022-жыл.

13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Бел ашуусундагы калабага арналып курулган мемориалдык комплексте Июнь окуясын эскерүү иш-чарасы өттү.

Эскерүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкондор катышты. Анда сөз сүйлөгөн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев улут аралык ынтымак маанилүү экенин айтты.

Июнь коогасында Жалал-Абад облусунда 86 адам курман болгон. Каргашага байланыштуу 90дон ашык кишиге кылмыш иши козголуп, иштин 65% бети ачылган. Жалпысынан июнь окуясы боюнча 49 адамга издөө жарыяланып, алардын 32си кармалган.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. “Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, эки миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 17си табыла элек. (TB)

Дагы караңыз

Борис Немцов атындагы сыйлык Владимир Зеленскийге ыйгарылдыТажик бийлиги Хорогдо эки адам жок кылынганын билдирдиАквапарктагы кырсыкка байланыштуу мектептин директору жумуштан алындыСтолтенберг Швеция менен Финляндияны НАТОго кошуу узакка созуларын билдирдиИрандын акчасы тарыхта болуп көрбөгөндөй күчүн жоготту