ИИМ: Баткенде баңгизат ташууга шек саналып Тажикстандын милиция кызматкери кармалды

Кармалган шектүүлөр.

Кармалган шектүүлөр.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Баткен облусунда Тажикстандан Кыргызстанга, андан ары Казакстанга баңгизат ташып сатуу менен алектенген улут аралык маңзат тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, алардын бири Тажикстандын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекциясынын кызматкери экени аныкталды.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголуп, тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бир жыл жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында улут аралык маңзат тобунун бардык мүчөлөрү кармалган. Бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары Тажикстандын дагы бир жараны кармалды. Алардан жалпы 33 кг 241 грамм баңгизат алынды.

ИИМ ушул тапта бул кылмыштуу топтун башка катышуучуларын жана аларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатканын кошумчалады. Кармалгандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген.

Расмий маалыматка караганда, 2021-жылдын 11 айында Кыргызстанда үч жарым тоннадан ашык баңгизат, психотроптук заттар алынган.

Эл аралык уюмдардын билдирүүсүндө, Борбор Азиядагы Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Ооганстандан жыл сайын тонналаган баңгизат Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жеткирилет. (BTo)

Дагы караңыз

Чек ара чырынан кийин эки өлкөнүн район башчылары жолуктуФутбол: Кыргызстан - Тажикстан беттеши 0:0 эсеби менен жыйынтыкталдыБишкекте жаңы футболдук стадион курулары айтылдыШотландия көз карандысыздык жарыялоо референдумуна даярдана баштадыУКМК Казакпаевдин өлүмү тууралуу пост жазган журналистке эскертүү берди