Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

УКМК Казакпаевдин өлүмү тууралуу пост жазган журналистке эскертүү берди


Канат Каниметов.
Канат Каниметов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу социалдык тармакка жазган пикири үчүн журналист Канат Каниметовго эскертүү берди.

Атайын кызматтын бөлүм башчысы Бейшембаевдин колу коюлган эскертүүнү журналист Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда Канат Каниметов серепчи Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу социалдык тармактарда мамлекеттик мекемени негизсиз айыптаганы жазылган. Анын билдирүүсү чындыкка дал келбеси жана кандайдыр бир далил фактылар жок экени айтылат.

Канат Каниметов 10-июнда Фейсбукка Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча пост жазып, ага атайын эле медициналык жардам көрсөтүлбөй комага түшүп калгыча тергөө абагында кармап турушканын билдирген.

Ушундай эле эскертүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынан кийин оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековго да берилди. Ал 14-июнда атайын кызматта сурак берип чыкты.

Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей каза болгон.

Анын жубайы Анар Казакпаева жолдошу УКМКда медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.

Камчыбек Ташиев коюлган дооматтардын баарын четке кагып, тергөө абагында маркумга дары-дармек берилип, убагында медициналык кароодон өтүп турганын айтты.

Марат Казакпаев жана Марат Токтоучиков аттуу адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG