Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Шотландия көз карандысыздык жарыялоо референдумуна даярдана баштады


Шотландиянын картасы.
Шотландиянын картасы.

Шотландиянын биринчи министри Никола Стёрджен Эдинбургда шейшемби күнү өткөн басма сөз жыйынында өлкөнүн Улуу Британиядан көз карандысыздык жарыялоо референдумуна даярдык башталганын жар салды.

Шотланд өкмөтүнүн расмий сайтында 14-июнда “Кубаттуу, бактылуу, адилетүү: Эмне үчүн Шотландия эмес?” деген аталышта документ жарыяланды. Анда мамлекеттин өз алдынча түзүлүшү тууралуу план каралган. Документтин баш сөзүндө Стёрджен “коронавирустан, Брекзиттен жана Борис Жонсондон кийинки, азыркы маал жаңы Шотландияны курууга” эң ыңгайлуу болуп жатканын айтты.

Жаңыдан бүткүл элдик добуш берүүнү өткөрүүгө британ өкмөтүнүн макулдугу керек. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон өз билдирүүсүндө, азыр референдум жөнүндө сөз кылуу орунсуз экенин маалымдады. Мурдараак ал “Шотландиянын бөлүнүүсүнө жол бербөөгө” убада кылган жана ал маселе 2014-жылы чечилгенин айткан.

Сегиз жыл мурда да Шотландиянын көз карандысыздыгы үчүн референдум өтүп, анда калктын 55%ы каршы добуш берген. Бул референдум Улуу Британия Европа Биримдигинен чыга элек учурда өткөн. Шотланд улутчулдары ушул пикирге таянуу менен Брекзиттен кийинки көз карандысыздык тууралуу референдумдун жыйынтыгы таптакыр башкача болорун билдиришүүдө.

Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыккан процесси Брекзит деп аталат. Өлкө ал процессти дээрлик төрт-беш жыл ишке ашырып, аталган уюмдан 2020-жылы толук чыгып кетти.

Шотландиянын көз карандысыздыгы тууралуу баштапкы коомдук сурамжылоолор аны колдогондор менен каршылардын пикири бирдей экенин көрсөтүүдө. The Scotsman гезити кабарлагандай, жаңы референдум өткөрүүнү сурамжылоого катышкандардын үчтөн бир бөлүгү гана колдогон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG