Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги соңку жаңжал тууралуу билдирүү таратты


Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышуу тууралуу билдирүү таратып, анда 26 жаштагы бир чек арачы жарадар болгонун билдирди.

“Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянуу менен куралдуу жаңжалда бир адам каза болгонун жазган. Мамлекеттик мекеме өз маалыматында бул кабарды ырастаган эмес.

Тажик ТИМи билдирүүсүндө, ок атууга кыргыз тарапты айыптап, "окту биринчи Кыргызстандын чек арачылары чыгарганын" келтирет.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдараак тараткан маалыматында, 14-июнда таңкы саат 6:50-7:00дө Булак-Башы аймагында тажик чек арачылары биринчи ок аткан. Ага жооп катары кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган. Андан кийин Кыргызстандын чек ара кызматы 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10дө атышуу токтогонун, бирок абал кооптуу экенин билдирген.

Окуя болгон жерде Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согд облусунун чек ара өкүлдөрү жолугушуп, куралдуу жаңжал боюнча өз дооматтарын айтышкан. Жолугушууда эки тарап Булак-Башыдагы чек ара кезметтеринин жүрүү маршруттарын тактоону, окуя болгон жерге тартылган кошумча күч жана каражаттарды артка кайтарууну жана эки өлкөнүн чек ара постторунун башчыларын күн сайын жолугуп, кырдаал боюнча маалымат алмашууга милдеттендирүүнү макулдашты.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан тышкары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар. Эки өлкө ортосунда чек ара маселеси толук чечилип бүтө элек.

3-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган. Кыргыз тарап Тажикстандын чек арачылары Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн кабарлаган. (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG