Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Украинада каза болгон дагы бир кыргызстандык Таласта жерге берилди


Руслан Полотов (Сүрөт Полотовдун ВКонтакте социалдык тармагындагы баракчасынан алынды).
Руслан Полотов (Сүрөт Полотовдун ВКонтакте социалдык тармагындагы баракчасынан алынды).

Украинадагы согушта Кыргызстандын дагы бир жараны 38 жаштагы Руслан Полотов каза тапканы белгилүү болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын бир тууган иниси Ислан Полотов ырастады.

"Орусияга кеткенине эки жылдай болуп калган. Украинага качан кеткенин айта албайм. Ал жакка өз эрки менен кетиптир. Луганск облусундагы Рубежное шаарында каза болуптур. Сөөгүн Москвадан алып келип, 3-июнда жерге бердик. Ал Кыргызстандын эле жараны болчу, орус жарандыгын алайын деген ниети болгон эмес", - деди Ислан Полотов.

Маркум Руслан Полотов Таластагы Үч-Коргон айылында каттоодо турганын айыл өкмөт кызматкерлери тастыктады.

"Акипресс" сайтынын маалыматында Руслан Полотов Москвадагы жогорку аскердик окуу жайынын бүтүрүүчүсү экени жазылган. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин алдындагы атайын багыттагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.

Президенттин алдындагы башкаруу академиясында жогорку билим алгандан кийин эмгек жолун Талас облустук акимчилигинде баштаган. Орусияга кеткенге чейин Таласта АРИС программасында иштеген.

Маалыматта үй-бүлөлүү, эки баланын атасы экени да көрсөтүлгөн.

Украинадагы согушка орусиялык күчтөрдүн катарында катышып, каза болгон дагы бир кыргыз жараны Аманбек Курбанбаев 14-июнда Аксыда жерге берилди. Ал милициянын отставкадагы майору болгону айтылды.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга жана аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети Украинадагы согушка катышкан деген негизде кыргызстандык жаранга кылмыш ишин козгогонун билдирген. Шектүү Украинада убактылуу иштеп жүргөн жигит болуп чыккан. Ал Орусия коңшусуна кол салгандан кийин Украинанын аймактык коргонуу күчтөрүнө кошулганы айтылган.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери белгилеп келет. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG