Ташкентте 1,9 тонна баңгизат жок кылынды

Өзбекстандын Улуттук бажы кызматы колго түшүргөн маңзаттары. Архивдик сүрөт

27-июнда Ташкентте Маңзаттарга каршы эл аралык күнүндө тартип коргоочулар колго түшүргөн 1,9 тонна баңгизат жок кылынды. Өзбекстандын Улуттук бажы кызматы маалымдагандай, героин, апийим, кара куурай, көкнар, психотроптук заттар журналисттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн көзүнчө өрттөлдү.

530 килограмм маңзаты бажычылар жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында колго түшүрүлгөн.

Өткөн жылы Өзбекстанда баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан 7142 кылмыштын бети ачылган, 1854 килограмм наркозат алынган. Кылмышка айыпталгандар арасында 131 чет өлкөлүк жаран бар.

Дагы караңыз

Райондук сот Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы боюнча жооп бердиПрезиденттин Жалал-Абаддагы өкүлүнө сөгүш жарыяландыТажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолуктуЗеленский "Чоң жетинин" саммитине кайрылуу жасайт