Таласта "Таза суу" ишканасынын үч кызматкери газга ууланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 28-июнда Талас шаарында "Таза суу" муниципалдык ишканасынын үч кызматкери газга ууланып, ооруканага түштү. Облустук бейтапкананын жетекчиси Нурдин Усупбеков "Азаттыкка" билдиргендей, уулангандар реанимацияга жаткырылды.

Саат 11лер чамасында облустук милициянын жанындагы канализация түтүгүнө тазалоо үчүн кирген "Таза суу" ишканасынын үч кызматкери газга ууланып, эс-учун жоготкон. Аларды куткарууга кирген облустук милициянын "Шумкар" атайын багыттагы полкунун үч кызматкери да ууланып, аларга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Шаар мэриясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. (MKt)

Дагы караңыз

Нарында шырдак фестивалы өтүп жататСот Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчисин абакта калтырдыБурятияда аялдар күйөөлөрүн согуштан кайтарууну талап кылыштыСот Октябрь окуясы боюнча Атамбаев баштаган саясатчыларды актады