Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Нарында шырдак фестивалы өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын шаарында “Кыргыз шырдагы -XII” аталышындагы фестивал өтүп жатат. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, кол өнөрчүлүктү даңазалаган маданий иш-чара эртең, 29-июнда жыйынтыкталат.

Фестивалдын алкагында “Мыкты шырдак”, “Мурас шырдак” кароо-сынактары уюштурулган. Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөргө 300 миң сомдук байге фонду каралып, анын 75 миң сому облустук бийликтин резервдик фондунан бөлүнгөн. Калган каражатты жергиликтүү демөөрчүлөр берип жатат.

Эки күндүк иш-чарада “Кыргыз шырдагынын” тарыхына арналган илимий-практикалык конференция, улуттук тамак-аштын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери, “Устат-шакирт” мектебинин чебер-класстары көрсөтүлүүдө.

Фестивалдын максаты - маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин үзгүлтүксүздүгүн жандандыруу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастардын негизинде индустрияны өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанды экологиялык таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.

"Кыргыз шырдагы" фестивалы 2010-жылдан бери Нарын облусунун аймагында өткөрүлүп келет. Көргөзмөгө жер-жерлерден келген уздардын ондогон шырдактары коюлат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG